АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан киргизилген "алтын карта" визасы бир гана чет элдик жаранга берилген. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.
Агенттик АКШнын соода министри Говард Латниктин сөзүнө шилтеме кылуу менен аталган карта үчүн учурда жүздөгөн чет элдиктердин арыздары каралып жатканын белгилейт. Арыздар 2025-жылдын декабрында кабыл алына баштаган. "Алтын карта" туруктуу жашоого укук жана акырында жарандык алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Эске салсак, Дональд Трамп былтыр февралда чет элдиктерге "алтын карталар" 5 миллион доллардан сатыларын жарыялаган. Америкалык лидер өзүнүн портрети түшүрүлгөн "алтын картанын" дизайнын да көрсөткөн.