Биз социалдык тармакта

"Биз үчүн уят". Италия футбол боюнча Трамптын сунушун четке какты 

Италиянын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Лучано Буонфиглио футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Ирандын ордуна Италияны кошуу сунушуна макул эмес экенин билдирди. Бул тууралуу чиновник жергиликтүү басылмаларга маек берип жатып айткан.

Анда ал Дүйнө чемпиондугуна катышуу укугу мээнет менен келиши керектигин белгилеген.

"Бул биз үчүн уят. Биринчиден, бул мүмкүн эмес. Экинчиден, бизди кемсинтүү. Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн ал укукту татыктуу түрдө жеңип алуу керек",- деген Лучано Буонфиглио.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп ФИФАга Ирандын ордуна Дүйнө чемпиондугуна Италияны кошууну сунуштаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан