АКШнын президенти Дональд Трамп ФИФАдан Ирандын ордуна Дүйнө чемпиондугуна Италияны киргизүүнү сураганы тууралуу маалымат коомчулукта чоң талкуу жаратты.
Маалыматтарга караганда, АКШнын президенти алдыдагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна Иран курамасын катыштырбай, анын ордуна Италия курама командасын кошууну сунуштаган. Бул сунуш Италиянын Дүйнө чемпиондуктарындагы төрт жолку жеңиши менен негизделгени айтылууда.
Ошондой эле бул демилге Дональд Трамп менен Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони ортосундагы мамилени чыңдоого багытталган кадам катары бааланууда.
Бирок футболдук эрежелерге ылайык, ФИФА турнирге катышуучу командаларды алдын ала квалификациялык оюндардын жыйынтыгы менен аныктайт. Ошондуктан саясий сунуш менен кайсы бир өлкөнү башкасына алмаштыруу практикалык жактан мүмкүн эмес.