Голливуд жылдызы Энн Хэтэуэй күйөрмандарынын биринен Куран китебин белекке алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеосун жарыялашты.
Маалыматка ылайык, мындай окуя Лондондо өткөн иш-чаралардын биринде болгон. Анда маек берип жаткан актриса айымга күйөрманы Куран китебин тартуу кылган. Ал эми Энн Хэтэуэй китепти кубануу менен кабыл алганын көрүүгө болот.
Буга чейин актриса People журналына маек берип жаткан учурда мусулмандар колдонгон "иншаллах" сөзүн айтып, коомчулуктун кызыгуусун жараткан. Бул интернет колдонуучулардын көңүлүн буруп, ар кандай пикирлерди жаратууда.