Өлкө башчы Садыр Жапаров Кактус медиага берген маегинде Шайырбек Ташиевдин жоопкерчиликке тартылышына УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси таасир кылбастыгын билдирди.
Президент ал келтирилген зыянды толтурса, анда абактан бошотулушу мүмкүн экенин жашырган жок.
"Бийликке келгенден бери "дос", "тууган" же "жакын адам" деген түшүнүктөр мен үчүн жок экенин, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы ар дайым жогору экенин бир нече жолу айтып келем. Эгерде мыйзам бузулса, эч ким жоопкерчиликтен кутула албайт.
Тергөө Шайырбек Ташиевдин "Кыргызнефтегаз" компаниясындагы коррупциялык схемага катышы бар экенин аныктады. Мамлекетке 4 миллиард 115 миллион сомдук зыян алып келген. Бул сумма бюджетке толугу менен кайтарылгандан кийин гана аны бошотууну карап көрүүгө болот.
Колдо болгон маалыматтарга ылайык, мурда кармалгандардын баары ага каршы көрсөтмө беришкен жана ал күнөөсүн моюнуна алган. Мыйзам баары үчүн бирдей болушу керек. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги тарабынан кармалгандардын баары зыян үчүн компенсация төлөшкөн. Андан кийин алар бошотулган",- деди Садыр Жапаров.
Эске салсак, Шайырбек Ташиев жакында кармалган.
Салык кызматы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын жакындарынын "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасынын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөө чыгарган. ИИМ бул боюнча кылмыш ишин козгогон.