Биз социалдык тармакта

Президент кеткен депутаттардын "75 адамдын катына" тиешеси болгонун кыйытты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште мандатынан баш тарткан депутаттардын "75 адамдын катына" тиешеси болгонун кыйытты.

"Жогорку Кеңеште саясий интригага барууга аракет кылган белгилүү бир топ түзүлгөн. Алардын пландары ишке ашпай калгандан кийин, ага катышкан айрым депутаттар күнөөсүн түшүнүп, мандатынан баш тартышкан.

Акыркы тыянактар ​​тергөө аяктагандан кийин чыгарылат. Жалпысынан алганда, мен депутаттарды саясий оюндардан алыс болууга жана элдин кызыкчылыгы үчүн мыйзам чыгаруу ишине жана укук коргоо органдарын көзөмөлдөөгө көңүл бурууга чакырат элем",- деди президент Кактус медиага берген маегинде.

Мамлекет башчысы ошондой эле "75 адамдын катына" токтолуп, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу кеп кылды.

Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбековдор кармалышкан.

Парламент төрагасы Марлен Маматалиев "75 адамдын каты" Жогорку Кеңешке кантип киргизилгенин айтып берген.

Мандатынан кол жуугандар кимдер? Толук шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан