АКШнын президенти Дональд Трамп катышкан иш-чарада ок чыгарганга шектүү Коул Томас Аллен өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Тодд Бланш маалымат жыйынында билдирген.
Айтымында, ал президентке кол салууга аракет кылды деп айыпталууда.
"Ага үч айып коюлду. Биринчи айып - АКШ президентине кол салууга аракет кылуу. Бул кылмыш үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган",- деген ал.
Бланш кошумчалагандай, айыпталуучу иш-чара пландаштырылган мейманканага алдын ала жайгашкан. Сот Алленди камакта калтырып, соттун биринчи отурумун 30-апрелге белгиледи.
Белгилей кетсек, 25-апрелде АКШнын президенти жана анын жубайы катышкан иш-чарада куралчан адам ок чыгарган. Шектүү кармалып, тергөө уланууда.