Биз социалдык тармакта

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен «Евразия» паркы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен «Евразия» паркы 9-Майга карата майрамдык жана эскерүү иш-чараларын өткөрүүнү камтыган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгынын алдында документке КР Коргоо министринин орун басары А.А. Кулмурзаев жана «Евразия» паркынын башкаруучу директору С. В. Лукьян кол коюшту.

«Евразия» паркында Жеңиш күнүнө арналган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуя — Баатырлар аллеясынын ачылышы болот. Коргоо министрлигинин колдоосу менен парктын аймагына Улуу Ата Мекендик согуштун кыргызстандык баатырларына арналган 76 убактылуу тематикалык бюст-скульптура орнотулат. Паркка келгендер алардын элесине таазим кылып, гүл коюуга мүмкүнчүлүк алышат.

Ошондой эле парк аймагында ачык асман алдында курал-жарак музейи ачылат. Коноктор үчүн талаа ашканасы уюштурулуп, каалоочулар салттуу жоокер боткосун даамдап көрө алышат.

1-майдан 10-майга чейин «Евразия» паркында «Тынчтык майрамы» аттуу автордук программа өтөт. Анын алкагында театрлаштырылган көрсөтүүлөр, сүрөт тартуу жана кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, шахмат бурчу, жарманке, анимациялык жана циркттик программалар жана башка маданий-эс алуу иш-чаралары уюштурулат.

Бул иш-чаралар тарыхый эстутумду сактоого, патриоттук тарбия берүүгө жана Кыргызстандын борбор шаарынын тургундары менен коноктору үчүн майрамдык маанай түзүүгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан