Биз социалдык тармакта

Караколдун мэри Талантбек Иманов 9-Май - Улуу Жеңиш күнүнө карата даярдыктардын жүрүшүн жеринен текшерди

Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов 9-Май — Улуу Жеңиш күнүнө карата шаардагы даярдык иштеринин жүрүшүн жеринде барып, жеке өзү көзөмөлдөдү.

Бүгүнкү күндө Каракол шаары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилөөгө кызуу даярдык көрүүдө. Шаар аймагы майрамдык символикалар менен көрктөндүрүлүп, эстелик жайлар иретке келтирилип, көчөлөр менен сейил бактар тазаланып жатат. Бул иштерге бардык шаардык кызматтар толугу менен тартылып, уюшкандыкта иш алып барышууда.

9-май күнү Каракол шаарында Улуу Жеңишке арналган ири жана мазмундуу майрамдык иш-чаралар өтөт. Анын негизги бөлүктөрүнүн бири — салтка айланган «Өлбөс полк» жүрүшү болуп саналат. Бул жүрүшкө 1000ден ашуун жарандардын катышуусу күтүлүүдө. Шаар тургундары жана коноктору согушка катышкан ата-бабаларынын, жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп, алардын улуу эрдигине таазим кылуу менен бирдиктүү колонна болуп жүрүшөт.

Мындан тышкары, иш-чаралардын алкагында Жеңиш паркындагы эстеликтерге гүл коюу аземи, майрамдык концерттик программалар жана тарыхый эстутумду сактоого, жаш муунду патриоттук духта тарбиялоого багытталган бир катар маданий иш-чаралар уюштурулат.

Азыркы учурда борбордук аянтта масштабдуу концертке активдүү даярдык жүрүүдө. Узундугу 34 метр болгон чоң сахна орнотулуп, заманбап жарык берүү жана үн чыгаруучу жабдуулар коюлууда. Концерттик программада ата мекендик эстрада жылдыздары менен катар Россиядан чакырылган белгилүү ырчылар — Николай Басков, легендарлуу «Любэ» тобу жана «Блестящие» тобу өз өнөрлөрүн тартуулашат. Белгилей кетсек, мындай ири масштабдагы иш-чара Каракол шаарында биринчи жолу өткөрүлүүдө.

Шаар башчысы Талантбек Иманов майрам күндөрү шаар тургундары жана келген коноктор үчүн коопсуздукту жана ыңгайлуулукту эң жогорку деңгээлде камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Анын алкагында коомдук тартипти күчөтүү, медициналык кызматтардын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу жана тиешелүү өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын күнү-түнү нөөмөтүн уюштуруу милдеттери коюлду.

«Биз бардык иштерди так, ырааттуу жана жогорку жоопкерчилик менен жүргүзүшүбүз керек. Каракол шаарынын тургундары менен конокторунун ишенимин актай албасак болбойт», — деп белгиледи Талантбек Иманов.

Караколдо майрамга даярдык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан