АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио АКШ менен Израил Ирандагы кырдаалга байланыштуу Кытайдан жардам сурабаганын билдирди. Ал бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытайга болгон расмий сапары учурунда NBC News телеканалына берген маегинде айтты.Рубионун айтымында, Дональд Трамп менен Кытайдын өлкө башчысы Си Цзиньпин жолугушууда Ирандагы кырдаалды талкуулашкан. Бирок Трамп Кытай тараптан жардам же колдоо сураган эмес.
"Биз Кытайдан жардам сурабайбыз жана ага муктаж эмеспиз",- деп билдирген Марко Рубио.