АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга мамлекеттик сапарын баштады. Бул америкалык лидердин Кытайга 2017-жылдан берки алгачкы расмий визити болуп эсептелет.
Үч күнгө созула турган сапар 13-15-май аралыгында өтөт. Анын алкагындагы негизги жолугушуулар 14-майга белгиленген. Ошол күнү Трамп Бээжинде Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Кытайга аттанар алдында Трамп Си Цзинпинге урматын билдирип, алдыдагы жолугушуу эки өлкө үчүн тең пайдалуу жыйынтык алып келет деген ишенимин айткан. Ал АКШ менен Кытайды дүйнөдөгү “эки ири держава” деп атап, сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык кызматташтык негизги темалардын бири болорун белгиледи.
Мындан тышкары, тараптар Ирандын айланасындагы кырдаалды да талкуулай турганы айтылууда. Трамп Кытай Ормуз кысыгынын ачык болушуна кызыкдар экенин белгилеп, бирок АКШ бул маселеде Бээжиндин жардамына көз каранды эмес экенин кошумчалаган.
Ошондой эле америкалык лидер Кытай тарап Тайванга америкалык курал-жаракты жеткирүү маселесин да көтөрүшү мүмкүн экенин билдирди.