Биз социалдык тармакта

Канадада хантавирус аныкталган учур катталды

Канаданын Британская Колумбия провинциясында карантинде жаткан төрт жарандын бирөөсүнөн хантавирус аныкталды. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазган.

Маалым болгондой, алар инфекция катталган MV Hondius круиздик кемесинде болушкан.

Бейтап эки күн мурда дене табынын көтөрүлүшү, баш оору сыяктуу белгилер байкалгандан кийин текшерүү үчүн ооруканага жеткирилген.

Провинциянын башкы дарыгери Бонни Генри тест “алдын ала оң жыйынтык” бергенин жана аны ырастоо үчүн Виннипег шаарындагы улуттук лабораторияга жөнөтүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, бейтаптын абалы туруктуу, белгилери жеңил бойдон калууда жана ал дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан