Биз социалдык тармакта

Лайнердеги хантавирус: Дүйнөдө жаңы пандемия коркунучу барбы?

Хантавирус инфекциясы катталган Hondius лайнеринин жүргүнчүлөрү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө үйлөрүнө жөнөтүлүүдө. Бул окуя жаңы пандемиянын башталышы болушу мүмкүнбү деген суроолорду жаратты.

Инфекциянын очогу 2026-жылдын апрель-май айларында Атлантика океанындагы круиз учурунда чыккан. 11-апрелде, кеме Аргентинадан чыккандан 10 күн өткөн соң Нидерланд жараны каза болгон. Кийин анын жубайы жана Германиядан келген дагы бир жүргүнчү көз жумган.

Жалпысынан 11-майга карата тогуз адамдан вирус аныкталып, дагы бир адамдан шек саналууда. Адистер бул вирус Андес хантавирусу экенин аныкташкан. Бул хантавирустардын ичинен адамдан адамга жуга алган жалгыз жана эң кооптуу түрү болуп эсептелет. Бирок ал көбүнчө узак жана жакын байланышта гана жугат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жүргүнчүлөрдү үйлөрүнө жөнөтүү коопсуз деп эсептеп, аларды 6 жума үй шартында же атайын жайда карантинде кармоону сунуштады. Бардык жүргүнчүлөр коргоочу кийим жана респиратор менен чыгарылып, коммерциялык каттамдарга отургузулган эмес.

Кеменин бир бөлүк экипажы Нидерланддагы портко чейин барып, андан соң лайнер толук дезинфекциядан өтөт. Ал эми эрте түшүп кеткен жүргүнчүлөрдүн байланыштары азыр да текшерилип жатат.

Азырынча Андес хантавирусу жаңы пандемияга айланып кетүү коркунучу жогору эмес. Муну Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Европанын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору да белгилеп жатат. Себеби бул вирус көптөн бери белгилүү, жакшы изилденген жана адамдан адамга өтүшү өтө кыйын.

Hondius лайнеринде көп адамдын ооруп калышынын негизги себеби - жабык мейкиндикте адамдардын узак убакыт чогуу болушу. Кадимки жашоодо мындай шарт сейрек кездешет, ошондуктан вирус кеңири жайылып кетүү мүмкүнчүлүгү төмөн.

Жалпысынан хантавирус жуктуруп алуу коркунучу чоң эмес. Дүйнө жүзү боюнча жылына орточо 26 миңдей адамга ушул диагноз коюлат. Анын ичинен Америкада 500дөн аз учур катталат. Кытайда жылына 11 миңдей учур болсо, Орусияда 2024-жылы 3400 адам ооруп, алардын 10у каза болгон. 2025-жылы болсо 5 миңге жакын адам катталган. Кыргызстандагы абал азырынча белгисиз.

Америкадагы хантавирус көбүнчө жүрөк менен өпкөгө сокку урат. Бул ооруну хантавирустук кардиопульмоналдык синдром деп аташат. Кан тамырлар суюктукту өткөрүп жиберип, өпкө шишип, жүрөк иштен чыгып калышы мүмкүн. Ушундан улам өлүм коркунучу 25-50 пайызга чейин жетет.

Европа жана Азиядагы хантавирустар болсо бөйрөк синдрому менен коштолгон геморрагиялык ысытманы жаратат. Кан басым түшүп, тромбоциттер азайып, кооптуу кан кетүү жана бөйрөк жетишсиздиги пайда болушу мүмкүн. Бул жакта өлүм көрсөткүчү көбүнчө 1 пайыздан аз, бирок айрым түрлөрүндө 10 пайызга чейин жетет.

Хантавирустан коргонуу үчүн эң негизгиси - кемирүүчүлөрдөн сактануу. Вирус чычкан же келемиштин заарасы, шилекейи жана заңындагы бөлүкчөлөр аркылуу жугат. Аларды дем менен ичке тартып алуу да жетиштүү. Айрыкча желдетилбеген жайларда, кампаларда, эски үйлөрдө, сарайларда жана чарба иштеринде коркунуч жогору болот.

Ошондуктан үйдү жана жумуш жайын кемирүүчүлөрдөн коргоо керек: тешиктерди жабуу, тамак-ашты бекем сактоо, чычкан кирбеген шарт түзүү маанилүү. Эгер кемирүүчүлөр бар болсо, кургак чаң сүртүүгө же чаң соргуч колдонууга болбойт. Болгону нымдуу тазалоо жүргүзүлөт. Мисалы, заңды көргөндө колкап кийип, ал жерге дезинфекциялоочу каражат чачып, 5 мүнөт күтүп, андан кийин салфетка менен тазалоо зарыл.

Эгер чаң көтөрүлө турган жерде иштөө керек болсо, алгач бөлмөнү жарым сааттай желдетип, респиратор кийүү сунушталат. Иш бүткөндөн кийин сөзсүз душка түшүп, кийимди 60°C температурада жууш керек.

Эгер жакында жуктуруп алуу коркунучу болгон болсо, белгилер адатта эки жуманын ичинде чыгат. Бирок Hondius лайнериндегилер үчүн карантин мөөнөтү 6 жума болуп белгиленген, анткени Андес хантавирусу үчүн бул эң узак инкубациялык мезгил.

Алгачкы белгилер көбүнчө сасык тумоого окшош болот: жогорку температура, алсыроо, баш оору, ич жана бел ооруу, баш айлануу, кээде көрүүнүн начарлашы. Америкадагы түрүндө кошумча жүрөк айлануу, кусуу, булчуң оорушу жана дем алуу оорчулугу байкалат. Айрым адамдарда оору белгилерсиз да өтүшү мүмкүн.

Тилекке каршы, азырынча бул вируска каршы вакцина да, түздөн-түз таасир этүүчү атайын дарылоо да жок. Дарыгерлер симптомдорду жеңилдетип, организмди колдоочу терапия гана жүргүзүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан