11-майдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана шаар мэрлери эл менен жолугушууларды өткөрүп, жарандардын көйгөйлөрүн жеринен угуп жатышат. Мындай формат бийлик менен элдин ортосундагы байланышты чыңдоонун бир жолу катары бааланууда. Жолугушууларда тургундар инфраструктура, социалдык маселелер, жер, суу, жол жана коммуналдык көйгөйлөр боюнча суроолорун көтөрүшүүдө.
Бирок бул жараян коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Айрымдар мындай жолугушуулар элдин үнүн түз угууга жакшы мүмкүнчүлүк деп эсептесе, кээ бир серепчилер жетекчилердин убактысынын көбү жыйындарга кетип, негизги башкаруу иштери жайлап калышы мүмкүн экенин айтышууда. Ошондой эле эксперттер азыркы санарип доорунда жарандардын кайрылууларын электрондук форматта кабыл алып, көзөмөлдөй турган системди өнүктүрүү зарылдыгын белгилешет.
Аймактардагы мындай жолугушуулар чындап эле көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берип жатабы же кезектеги формалдуу өнөктүкпү? Бул боюнча SUPER.KG порталы серепчилердин пикирин угуп көрдү.
Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев жолугушуу формалдуу болбош үчүн президенттик администрация тарабынан мониторинг болуп турушу керектигин белгилейт.
"Жергиликтүү бийликтин эл менен жолугушуулары реалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө чоң өбөлгө түзүшү мүмкүн. Бирок бул натыйжа сөзсүз түрдө системдүү көзөмөл жана саясий эрк болгондо гана ишке ашат. Эгер президенттик администрация тарабынан туруктуу жана реалдуу мониторинг жүргүзүлбөсө, мындай жолугушуулар кезектеги формалдуу иш-чарага айланып калуу коркунучу бар",- деп белгиледи Акматалиев.
Мындай формат акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда көбүрөөк колдонулуп келе жатат. Бийлик өкүлдөрү көйгөйлөрдү жеринен угуу аркылуу аймактардагы реалдуу абалды көрүүгө аракет кылып жатышканын белгилешет. Мындан тышкары, эл менен түз байланыш мамлекеттик органдарга коомдук маанайды билүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Бирок жыйындардын саны көбөйгөн сайын мамлекеттик аппараттын иш ыргагы тууралуу дагы суроолор жаралууда. Анткени аймактарды кыдыруу, көчмө жыйындарды уюштуруу жана көп сандагы жолугушуулар жетекчилердин убактысынын олуттуу бөлүгүн талап кылат. Андыктан санариптик багыт жана ага болгон жоопкерчилик гана элеттиктердин эбегейсиз маселелерин чечүүгө өбөлгө болот дешет айрымдар.
"Бүгүнкү санарип доорунда жарандардын кайрылууларын кабыл алган жана иштеп чыккан электрондук порталдардын иштеши өзгөчө маанилүү. Ар бир жаран өзүнүн көйгөйүн онлайн түрдө жүктөп, ал эми жергиликтүү бийлик ар бир кайрылууну каттоого алып, анын аткарылышын көзөмөлдөп турууга тийиш. Бул систем ишке ашса, убакыт да, мамлекеттик ресурстар да үнөмдөлөт. Эл аралык тажрыйба да дал ушундай багытта өнүгүп жатат: ачыктыкты камсыз кылган санарип системдер мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат. Натыйжада “кат түшкөн эмес” же “маселе бизге жеткен эмес” деген шылтоолор жоюлуп, мамлекеттик кызматкерлердин ишинин сапаты да ачык көрүнөт. Мындан тышкары, ар бир аймак боюнча көйгөйлөрдүн статистикалык базасы түзүлөт. Бул болсо алдын ала пландоо жүргүзүүгө, маселелерди кечиктирбей чечүүгө жана ресурстарды туура бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушундай систем гана мамлекеттик башкарууда ачыктыкты, жоопкерчиликти жана системдүүлүктү камсыздай алат",- деп кошумчалады Акматалиев.
Жолугушууларда жарандар өздөрүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү көтөрүп, бийлик өкүлдөрүнө түз кайрылып жатышат. Бирок жетекчилердин кызмат орду элдин тандоосуна түз көз каранды болбогондуктан, мындай жолугушуулар маселелерди чечүүдөгү жоопкерчиликти автоматтык түрдө күчөтөт деп айтууга болбойт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элдар Абакиров билдирди.
"Жергиликтүү бийлик борбордон дайындалгандыктан элдин алдында жоопкерчилиги жок десек болот. Депутат болуп турган кезде өзүм күбө болдум. Ушундай жыйындарда жергиликтүү эл маселени айтканы менен жетекчилер "эл бизди жумуштан кетирип же кызматка коё албайт" деген өңүттө мамиле кылып, канча көйгөй айтылса деле чечилбей кала берет. Демек, бизге реформа керек. Жергиликтүү бийликтин эл алдында жоопкерчилигин көтөрүш үчүн децентрализация керек. Ошондо көп маселе чечилет. Эми албетте бул багытка бюджет бөлүп, жергиликтүү бийлик каражат тапканды билиши керек",- деди Абакиров