Биз социалдык тармакта

Кытай лидери Түркмөнстанга расмий сапар менен барат

Кытайдын президенти Си Цзиньпин Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Түркмөнстанга барууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу түркмөнстандык басылмалар Кытай лидери жөнөткөн катка таянып билдиришти.

"Кытай менен Түркмөнстандын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин өнүгүшүнө өзгөчө маани берем жана сиз менен тыгыз иш байланыштарын улантууну каалайм. Чакырууңуз үчүн ыраазычылык билдирем жана эки тарапка тең ыңгайлуу убакта Түркмөнстанга барууга даярмын. Бул маселе боюнча эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери тыгыз байланышта иш алып бара алышат",- деген Си Цзиньпин.

Мындан тышкары, ал бир катар ири биргелешкен долбоорлор тууралуу айтып, өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар кыл багыттар боюнча кеңейтүүгө даяр экенин белгилеген.

"Кытай тарап Түркмөнстан менен кызматташтыктын жаңы үлгүлөрүн түзүүгө жана Кытай менен Түркмөнстандын бирдиктүү коомчулугунун мазмунун мындан ары да байытууга даяр",- деп кошумчалаган ал.

Айта кетсек, буга чейин Кытайга 19-20-май күндөрү Орусиянын президенти Владимир Путин жана андан мурун, 13-15-май күндөрү АКШнын президенти Дональд Трамп мамлекеттик сапар менен барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан