Бүгүн, 21-майда Чүй облусундагы президенттин өкүлү Аширбаев Элкинбек менен Ысык-Ата районундагы Жайылма айыл өкмөтү менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда, жергиликтүү тургун Адилет Исмаилова мектептеги жайкы оңдоп-түзөө иштери тууралуу суроо узаткан. "Мектептеги оңдоп-түзөө иштерин ата-эне жасабайт, мугалим жасабайт, бул учурда ким жасайт" , - деп суроо узаткан.
Буга облус башчысы, айыл өкмөтүнүн жана райондук администрациянын жоопторун угуп, оңдоп-түзөөгө керек болгон каражаттарды райондук администрация алып берет, ал эми айыл өкмөтү жасап бериши керек деп белгиледи.