УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков 15-августка чейин камакта калтырылды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Сот анын бөгөт чарасын кечээ, 11-июнда тандады.
Эске салсак, Жакыпбеков февраль айында жемкорлукка шектелип кармалган. Тагыраагы, ал УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин кармалды. Ал "Эду" деген каймана ат менен белгилүү.