
MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору Кыргызстандын телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүүнү улантууда. Тармакты кеңейтүү жана жаңылоо боюнча жүргүзүлгөн ири масштабдуу программанын алкагында жаңы конуштар 4G мобилдик интернетин колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, ал эми өлкө аймагынын ондогон шаарларында жана айылдарда байланыштын сапаты жана маалымат өткөрүү ылдамдыгы жакшыртылды.
Май айында Кыргызстан боюнча бир нече калктуу конуштарда 4G-тармагы ишке киргизилип, Ош облусундагы Таш-Булак (Кыргыз-Ата айылдык округу), Кара-Ой, Эрдик жана Кызыл-Алай, Баткен облусундагы Даргаз жана Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Кыя, Орток жана Эшме айылдары камсыз болду. Бишкек, Ош, Манас, Нарын, Талас, Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр, Өзгөн, Шопоков, Ноокат жана Кара-Көл шаарларында, ошондой эле өлкөнүн аймактарындагы көптөгөн конуштарда тармакты модернизациялоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлдү.
Облустар боюнча баса белгилей кетсек, төмөндө көрсөтүлгөн бир катар айылдарда 4G-тармагы жакшыртылды:
Тармакты өнүктүрүү MEGAнын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Компания тармактын камтуусун кеңейтип, тейлөө сапатын жакшыртып, ири шаарлардын жана алыскы конуштардын тургундарын заманбап санариптик кызматтар жана ишенимдүү байланыш менен камсыз кылат.
Учурда тармакты өнүктүрүү жана жаңылоо туруктуу негизде уланып жатканын белгилебей коюуга болбойт. Жаңы долбоорлорду ишке ашыруу менен, жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет жана санариптик кызматтар менен камсыздап келет, демек, абоненттер кайсы аймакта болбосун, мыкты сапаттагы байланышты колдоно алат.
КР МБА лицензиялары: № 14-1133-KR, № 18-0326-KR, № 18-0303-KR, № 15-1446-KR, № 16-0090-KR, № 18-0261-KR