
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жарыяланып, быйылкы эң жогорку көрсөткүч - 239 балл болду. Мындай жыйынтыкка өлкө боюнча эки гана бүтүрүүчү жетишти. Алардын бири Баткен облусунун Кызыл-Бел айылынын тургуну Сезимай Акматова.
Баткен облустук жалпы билим берүү жатак мектебинин бүтүрүүчүсү болгон Сезимай бул ийгиликке эки жылдык үзүрлүү эмгектин жана тынымсыз даярдыктын аркасында жеткенин айтат. SUPER.KG порталына берген маегинде ал ЖРТга даярдануу жолун, жогорку балл алгандагы алгачкы сезимдерин, келечектеги максаттары менен бөлүштү.
- ЖРТга даярданууну качан баштадың жана кандай ыкмалар сага эң көп жардам берди?
- Даярдыкты 10-класста баштагам. Эки жыл даярдандым. 10-класс бою теорияга басым жасап, билбеген темаларымды кайра өздөштүрүп, баарын кайталап чыктым. Ал эми 11-класста практикалык бөлүккө көбүрөөк көңүл буруп, сыноочу тесттердин үстүнөн иштеп турдум. Башында күнүнө 2-3 саат даярдансам, тест жакындаган сайын 8-10 саатка чейин көбөйттүм. Негизгиси - туруктуулук болду. Күн сайын каталарымды талдап, өзүмдүн үстүмдөн иштедим. Жогорку балл алышымдын негизги себеби үзгүлтүксүз эмгек жана изденүү болду десем болот.
- Жогорку балл алам деп күттүң беле?
- Адам өзүнө ишенмейинче алдыга жылуу болбойт. Мен өзүмө ишенгем. Анткени ЖРТга эки жыл даярданган соң, анын акыбети сөзсүз кайтат деп ойлочумун. Бирок сынак тесттеринде баллым 230дан ашчу эмес. Ошондуктан 239 балл алып, өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүчкө жетем деп күткөн эмесмин. Жыйынтыкты укканда абдан кубандым. Мага ишенген ата-энемдин, мугалимдеримдин жана досторумдун үмүтүн актаганыма сүйүндүм.
- Келечектеги пландарың кандай? Кайсы кесиптин ээси болоюн деп турасың жана кайсы окуу жайга тапшырууну көздөп жатасың?
- Башында математикага анчейин кызыкчу эмесмин, бирок ЖРТ учурунда кызыгуум ойгонду. Андыктан келечекте программист же математика мугалими болууну каалайм. Программист катары заманбап технологияларды өздөштүрүп, өлкөнүн санариптик өнүгүүсүнө салым кошсом дейм. Ал эми мугалим катары жаш муундарга сапаттуу билим берип, алардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жардам бергим келет. Эң башкы максатым - Кыргызстандын
билим берүү тармагына жана өнүгүүсүнө өз салымымды кошуу.
Азыр эки жогорку окуу жайдын бирине тапшырууну көздөп жатам. Алар “Ала-Тоо” эл аралык университети же Борбор Азиядагы Америка университети. Бул окуу жайлар сапаттуу билим берүүсү жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттары менен мени кызыктырат.
- ЖРТга кийинки жылы тапшыра тургандарга кандай кеңеш бересиң?
- Эң биринчи кеңешим - ар бир адам өзүнө ишениши керек. Андан кийин даярдыкты эртерээк баштоо маанилүү. Күнү-түнү тынымсыз окуу шарт эмес, эң негизгиси туруктуулук. Ошондой эле каталардан коркпой, ар бир катага талдоо жүргүзүп үйрөнүү зарыл. Максатты так коюп, майда кадамдар менен аракет кыла берсең, сөзсүз ийгиликке жетүүгө болот.
- Маек үчүн ыраазычылык! Алдыдагы сынактарды да ийгиликтүү тапшырып, өзүң белгилегендей Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошкон жаштардын катарын толукташыңа тилектешпиз. Сыймыктанабыз!