АКШнын президенти Дональд Трамп футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрүнө кубокту ФИФАнын президенти Жанни Инфантино менен бирге тапшырат. Бул маалыматты ФИФАнын башчысы өзү ырастаганын чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалым болгондой, Трампка сыйлоо аземиндеги салттуу протоколдон четтеп, чемпион аталган команданын оюнчулары менен бирге сахнада калууга уруксат берилиши мүмкүн. Мындай жагдай буга чейин клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда да катталган. Анда АКШ лидери сыйлоо аземине катышып, жеңүүчү команда менен бирге болгон.
Трамптын Дүйнө чемпиондугунун финалдык аземине катышуусу турнирдин эң көп талкууланган окуяларынын бири болору күтүлүүдө.