Биз социалдык тармакта

Каракол шаарынын күнү чоң майрамдык концерт менен белгиленет

Каракол шаарында 1-июлда шаар күнүнө арналган майрамдык концерт өтөт. Бул күнү шаар тургундарын жана конокторун кызыктуу программа күтөт.

Анда чыгармачыл жамааттардын концерттик номерлери көрсөтүлүп, Караколдун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандарды сыйлоо аземи болот. Ошондой эле кыргыз жана орус эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Шаар күнүнө карата Каракол шаардык мэриясынын өзгөчө белеги катары шаар тургундары жана коноктору «Город 312» тобунун жана Россия Федерациясынын Эл артисти Стас Михайловдун өнөрүнө күбө болушат.

Майрамдык кече Каракол шаары тууралуу ырдын аткарылышы жана салют менен жыйынтыкталат.

Өтүү күнү жана убактысы: 1-июль, саат 18:00

Өтүү жери: Ч. Айтматов атындагы борбордук аянт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан