Акыркы төрт күндүн ичинде Ормуз кысыгы аркылуу жалпы 124 жүк ташуучу кеме өткөнү маалым болду. Бул тууралуу эл аралык ЖМКлар Kpler аналитикалык компаниясынын маалыматына таянып жазышты.
Маалыматка ылайык, төрт күндө өткөн кемелердин саны аймактагы кырдаал курчуп кеткенге чейинки бир күндүк көрсөткүчкө жакын. Чыр-чатак күчөгөнгө чейин Ормуз кысыгы аркылуу күн сайын 100дөн ашык кеме өтүп турган.
Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Ирандагы объекттерге сокку ура баштагандан кийин аймактагы коопсуздук абалы кескин начарлап, Ормуз кысыгы аркылуу деңиз ташуулары дээрлик токтоп калган. Натыйжада эл аралык соода жана жүк ташуу тармагында олуттуу кыйынчылыктар жаралган.
Учурда кемелердин кайрадан өтө башташы дүйнөлүк деңиз соодасы акырындык менен жанданып жатканынан кабар берет.