Максат Асаналиев УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Расмий маалыматка ылайык, анын талапкерлиги УКМКнын төрагасы кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугуна киргизилет.
Жогорку Кеңештин макулдугунан кийин Максат Асаналиевди УКМК төрагасы кызматына дайындоо маселеси чечилет.