Биз социалдык тармакта

Өзбекстан менен АКШ коргонуу тармагында жаңы эки жылдык планды бекитти

АКШ менен Өзбекстан 2026-2027-жылдарды камтыган эки тараптуу аскердик кызматташтыктын деталдуу планын макулдашты. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, документ АКШнын Борбордук командачылыгынын кургактагы аскерлер боюнча башкы командачысынын орун басары Майкл Лини менен Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда бекитилди.

Пентагондун билдирүүсүнө ылайык, Америка Ташкент менен коргонуу тармагындагы узак мөөнөттүү жана ийгиликтүү өнөктөштүккө жогору баа берет. Ошондой эле АКШ Өзбекстан менен аскердик кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана өзбек аскерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга даяр экенин ырастаганы маалыматта кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан