Биз социалдык тармакта

«Умай Групп» компаниясы IFC менен 50 миллион АКШ долларына чейинки каржылоо боюнча өнөктөштүк келишимин түздү

Борбор Азиядагы алдыңкы ритейл компанияларынын бири — «Умай Групп» компаниясы, IFC менен 50 млн АКШ долларына чейинки каржылоо боюнча өнөктөштүк келишимин түздү.

Инвестиция жаңы логистикалык борбордун курулушуна жана соода түйүндөрүн кеңейтүүгө багытталып, Кыргыз Республикасында заманбап азык-түлүк чекене соодасынын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бишкек, Кыргыз Республикасы, 2026-жылдын 8-июлу.

— Кыргыз Республикасындагы заманбап азык-түлүк чекене соода тармагынын алдыңкы компанияларынын бири болгон «Умай Групп» (Umai Retail KG) жеке секторду өнүктүрүүгө багытталган дүйнөдөгү эң ири эл аралык каржы институту IFC менен 50 млн АКШ долларына чейинки кредиттик линия боюнча өнөктөштүк келишимине кол коюлганын кубануу менен билдирет.

Бул каржылоо Бишкек шаарында EDGE стандартына жооп берген көп температуралуу заманбап бөлүштүрүү (логистикалык) борборун курууга жумшалат. Аталган борбор келечекте «Умай Групптун» негизги логистикалык түйүнү болуп кызмат кылат. Долбоорду 2027-жылдын ортосунда пайдаланууга берүү пландалууда.

«Умай Групп» 2002-жылы «Народный» бренди менен негизделген. Бүгүнкү күндө компания Globus, «Народный», SPAR жана «Достор» бренддери алдында иштеген 172 дүкөндү башкарат жана күн сайын 280 миңден ашуун сатып алуучуну тейлейт.

2006-жылы компанияны Visor International сатып алып, андан бери аны Кыргыз Республикасындагы заманбап азык-түлүк чекене соодасынын алдыңкы тармактарынын бирине айландырды.

Visor International Кыргыз Республикасында жеке секторду өнүктүрүүнү туруктуу колдоп келет жана эл аралык өнүктүрүүчү каржы институттары менен ийгиликтүү кызматташуу боюнча далилденген тажрыйбага ээ.

Жаңы бөлүштүрүү борбору компаниянын логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, Кыргызстан боюнча дүкөндөрдүн санын 400гө чейин көбөйтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле 22 миңден ашуун түз жана кыйыр жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү фермерлерди жана азык-түлүк өндүрүүчүлөрдү колдоого, өлкөнүн бардык аймактарында сапаттуу азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн жана туруктуу камсыздалышын жакшыртууга өбөлгө болот.

IFC тарабынан көрсөтүлгөн бул каржылоо Кыргыз Республикасынын чекене соода рыногунун өсүү мүмкүнчүлүгүнө болгон жогорку ишенимди жана Борбор Азиядагы эң ылдам өнүгүп жаткан рыноктордун бири катары анын келечегин дагы бир жолу тастыктайт.

2025-жылы өлкө ИДПнын реалдуу өсүшүн 11,1% деңгээлинде көрсөттү. Бул өсүш жаш жана тездик менен көбөйүп жаткан калк менен бекемделүүдө: 2026-жылдын башында өлкөнүн калкы болжол менен 7,4 млн адамга жетип, анын 37%ын 0–17 жаштагы балдар түздү. Бул демографиялык көрсөткүчтөр жана жеке сектордогу инфраструктуралык инвестициялардын өсүшү өлкөдө мындан аркы инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө.

«Умай Групптун» Байкоочу кеңешинин төрагасы Руд Педерсен:

«Биз IFC менен 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоо боюнча кызматташууга кубанычтабыз. Бул «Умай Групптун» Кыргыз Республикасындагы заманбап азык-түлүк чекене соодасынын тез өнүгүп жаткан тармагындагы лидерлигин жана Борбор Азиядагы экономикалык өсүштүн уланып жатканын тастыктаган маанилүү белги.

Россия жана Өзбекстандагы азык-түлүк чекене соодасынын өнүгүшүнө күбө болуп, «Умай Групптун» келечегине чоң ишеним жана шыктануу менен карайм».

«Бул каржылоо Globus, SPAR, «Народный» жана «Достор» бренддери менен иштеген учурдагы 172 дүкөндөн турган тармакты камсыздай турган заманбап, теңдеши жок бөлүштүрүү борборун курууга багытталат. Ошондой эле орто мөөнөттүү келечекте дүкөндөрдүн санын дээрлик эки эсеге көбөйтүү пландарыбызды колдоп, Кыргыз Республикасында кыйыр түрдө 22 миңден ашык жумуш ордун түзүүгө өбөлгө болот.

IFCнин инвестициясы биздин сатып алуучулар үчүн сунуштарыбызды, бизнес-процесстерибиздин сапатына, башкаруу түзүмдөрүнө жана Кыргызстандагы заманбап азык-түлүк чекене соодасын өнүктүрүүдөгү лидерлик позициябызды мындан ары бекемделишин чагылдырат».

«Умай Групптун» ээси «Visor International» компаниясынын башкы директору жана өнөктөшү, Майкл Сауэр:

«Жаңы бөлүштүрүү борбору «Умай Групптун» Globus, SPAR, «Народный» жана «Достор» сыяктуу рынокто алдыңкы дүкөндөр тармагы аркылуу сатып алуучуларды тейлөө мүмкүнчүлүгүн кыйла күчөтөт. Ошондой эле өлкө боюнча катышуубузду кеңейтүү пландарыбызды ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Заманбап логистикалык инфраструктурага жана жеткирүү чынжырына инвестиция салуу менен биз Кыргыз Республикасындагы фермерлер жана өндүрүүчүлөр үчүн туруктуу камсыздоо системасын түзүп, көбүрөөк керектөөчүлөргө жеткиликтүү баада сапаттуу азык-түлүк сунуштай алабыз».

IFCнин Борбор Азия жана Түркиядагы өндүрүш, агробизнес жана кызмат көрсөтүү тармактары боюнча аймактык менеджери Лукас Кейси:

«Биздин инвестициялар «Умай Группка» Кыргыз Республикасында жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калктын азык-түлүккө жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет. Заманбап азык-түлүк чекене соодасын жана логистиканы өнүктүрүү керектөөчүлөрдү жеткиликтүү баада сапаттуу продукция менен камсыз кылат. Ошондой эле фермерлер жана башка рыноктун катышуучулары үчүн, өзгөчө ири шаарлардан тышкаркы аймактарда, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт».

ММК үчүн байланыштар

* Алекс Бреннан / Люси Воллам
lwollam@hudsonsandler.com

* Ксения Кочергина, «Умай Групп» (жергиликтүү ММК үчүн):
k.kochergina@umai-retail.kg

«Умай Групп» компаниясы жөнүндө

«Умай Групп» — Кыргызстандын алдыңкы чекене соода тармагы. Компания заманбап чекене сооданы, логистикалык инфраструктураны жана жеке өндүрүштү өнүктүрүү боюнча 24 жылдан ашуун тажрыйбага ээ.

Компания Globus, SPAR, «Народный» жана «Достор» бренддери менен иштеген 172 дүкөндү башкарат жана күн сайын 280 миңден ашуун сатып алуучуну тейлейт. «Умай Группта» 7 500дөн ашуун кызматкер эмгектенип, компания өлкөдөгү ири жеке иш берүүчүлөрдүн бири болуп саналат.

«Умай Групп» заманбап логистикага, санариптик технологияларга жана жеке соода маркаларын өнүктүрүүгө инвестиция салып, сапаттуу азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргызстандагы заманбап азык-түлүк чекене соодасынын өсүшүнө салым кошууда.

Компания өлкөдөгү 20 ири салык төлөөчүнүн катарына кирет жана азык-түлүк инфраструктурасын чыңдоого, жергиликтүү өндүрүштү колдоого жана улуттук экономиканын өнүгүшүнө багытталган туруктуу өсүү стратегиясын ишке ашырууда зор салымын кошот.

Бизнесин өнүктүрүү менен катар «Умай Групп» билим берүү, спорт, маданият жана кайрымдуулук багыттарындагы демилгелерди ишке ашырып, жашоо сапатын жакшыртууга, адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана коомдун туруктуу өнүгүшүнө салым кошууда.

Кошумча маалымат алуу үчүн «Умай Групптун» сайтына кириңиз:

«Умай Групптун» жаңылыктарын социалдык тармактардан көрүңүз:

IFC жөнүндө

IFC — Дүйнөлүк банктын тобуна кирген уюм жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жеке секторду өнүктүрүүгө багытталган дүйнөдөгү ири эл аралык институттардын бири.

Биз 100дөн ашуун өлкөдө иш алып барып, капиталыбызды, тажрыйбабызды жана таасирибизди колдонуу менен өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде жаңы рынокторду жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көмөктөшөбүз.

2025-финансылык жылында IFC өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү жеке компанияларга жана каржы институттарына рекорддук 71,7 млрд АКШ долларын бөлүп, жеке сектордун чечимдерин колдонуу жана жеке капиталды тартуу аркылуу жакырчылыктан арылган, жашоого ыңгайлуу дүйнөнү түзүүгө салым кошту. Кошумча маалымат алуу үчүн IFCнин сайтына кириңиз: www.ifc.org

IFCнин жаңылыктарын социалдык тармактардан көрүңүз.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан