
O!Store жана O!Bank кардарлар үчүн ыңгайлуулуктун жаңы деңгээлин сунуштайт. 9-июлдан тартып «Бишкек Парк» соода жана көңүл ачуу борборунда эки кызматты бириктирген, заманбап форматтагы жаңы технологиялык филиал эшигин ачат.
Эми мобилдик байланыш жана финансылык кызматтарды бир эле жерден, бир эле жолу алуу мүмкүн. Бул сизге смартфон сатып алып, аны бөлүп төлөө шартында тариздөөгө, эсеп же кешбэк менен банктык карта ачууга, ошондой эле башка керектүү финансылык кызматтарды шаар ичинде кошумча жүрбөстөн пайдаланууга шарт түзөт.
Жаңы технологиялык мейкиндиктин ачылышына карата 9-июлдан 31-июлга чейин (кошо алганда) филиалга келген кардарларды смартфон сатып алууда жайкы өзгөчө акциялар жана бонустар күтөт:
Ачылыш күнү валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жана акча которгон кардарларга O!Bank брендинин фирмалык белектери да тапшырылат.
Сиздерди 9-июлда төмөнкү даректе күтөбүз:
«Бишкек Парк» соода жана көңүл ачуу борбору, Киев көчөсү, 148, М1 кабаты.
Филиалдын иштөө тартиби: күн сайын, эс алуу күндөрүсүз, саат 10:00дөн 22:00гө чейин.
«НУР Телеком» ЖЧКсы. КР МТБМК алдындагы МБА 2016-жылдын 6-декабрындагы №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.
«О!Банк» ААК. КРУБ 2024-жылдын 17-сентябрындагы №044 лицензиясы.