Биз социалдык тармакта

Путин хоккейге арналган жаңы майрам киргизди

Бүгүн, 20-июлда, Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жаңы майрам – Хоккей күнүн белгилөө тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жаңы майрам жыл сайын 22-декабрда белгиленет. Документке ылайык, бул чечим хоккей спортун жайылтуу жана өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Жарлык президент кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын август айында Орусияда дагы бир жаңы майрам – Артист күнү киргизилген. Аны белгилөө демилгесин Театр ишмерлер союзунун төрагасы Владимир Машков көтөрүп чыккан. Майрам 17-январда белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан