Биз социалдык тармакта

«Евразия» социалдык дүкөндөр тармагы кеңейүүдө: Чүй облусунда жаңы филиал ачылды

«Евразия» социалдык дүкөндөр тармагынын жетинчи филиалы Чүй облусунда салтанаттуу түрдө ачылды. Жаңы дүкөн Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Будёновка айылындагы Ленин көчөсү, 153 дарегинде ишин баштады.

Жаңы филиалдын ачылышы долбоордун өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп калды. Бул - «Евразия» социалдык дүкөндөр тармагынын Бишкек шаарынан тышкары ачылган алгачкы филиалы. Натыйжада Чүй облусунун тургундары күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк жана башка биринчи керектелүүчү товарларды мурдагыдан да жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

«Евразия» социалдык дүкөндөрүнүн негизги максаты өзгөрүүсүз бойдон калууда. Тармак калктын бардык катмарын колдоону жана аларды биринчи керектелүүчү товарлар менен жеткиликтүү баада камсыз кылууну көздөйт.

Тармактын жетекчиси Антон Арский жаңы филиалдын ачылышы жөн гана дагы бир дүкөндүн ишке кириши эмес, долбоордун жаңы баскычы экенин белгиледи.

Анын айтымында, бул жолу тармак биринчи жолу Бишкектен тышкары чыгып, Чүй облусунун тургундарына дагы азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү товарларды адилеттүү жана жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түздү. Ал долбоор эл арасында чоң суроо-талапка ээ экенин жана аймактарда ийгиликтүү өнүгө аларын белгилеп, келечекте социалдык колдоону өлкөнүн бардык аймактарына жеткирүү үчүн тармак дагы кеңейтиле турганын билдирди.

Социалдык дүкөндөрдөн сатып алуу үчүн социалдык карта талап кылынат. Аны тармактын каалаган филиалынан алууга болот. Карта пенсионерлерге, майыптыгы бар адамдарга, көп балалуу жана толук эмес үй-бүлөлөргө, мугалимдерге, студенттерге, медицина кызматкерлерине, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлерине, ошондой эле жашы жете элек балдарды тарбиялап жаткан ата-энелерге берилет.

Мындан тышкары, тармакта «Социалдык себет» долбоору иштейт. Анын алкагында ай сайын биринчи керектелүүчү азык-түлүктөр өздүк наркынан төмөн баада сунушталат. Баанын айырмасы «Евразия» фонду тарабынан каржыланат.

Долбоор АНО «Евразия» менен Кыргыз Республикасынын ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдун негизинде ишке ашырылууда.

Учурда «Евразия» социалдык дүкөндөр тармагында жети филиал иштеп жатат. Алар Бишкек шаарындагы Токтогул 146/1 көчөсүндө, Асанбай, 8/3 жана Тунгуч 6/1 кичи райондорунда, Акматбек Сүйүмбаев 17, Москва 7, Манас 97 жана Юнусалиев 159 көчөлөрүндө, ошондой эле Чүй облусунун Будёновка айылындагы Ленин 153 көчөсүндө жайгашкан.

Маалымат үчүн

АНО «Евразия» эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт жана бардык долбоорлорун жеке каражаттардын эсебинен ишке ашырат.

Уюмдун негизги максаты - ар түрдүү курактагы жана кесиптеги адамдарды бириктирип, Евразия элдеринин салттуу баалуулуктарын, тарыхый эс тутумун жана жалпы маданий мурасын сактоого салым кошуу.

«Евразия» билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, кайрымдуулук, ыктыярчылык жана башка тармактар боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет. Ошондой эле балдарга, жаштарга жана үй-бүлөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, мугалимдердин, дарыгерлердин, журналисттердин, окумуштуулардын жана эксперттердин кесиптик коомчулуктарын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Акыркы эки жыл ичинде уюмдун демилгелерине дүйнөнүн 53 өлкөсүнөн 300 миңден ашуун адам колдоо көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан