Beeline улуттук мобилдик оператору эл аралык роумингде 5G колдоону ишке киргизди. Бүгүнкү күндө абоненттер дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө, анын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Египет, Франция, Улуу Британия жана башка популярдуу багыттарда жаңы муундагы мобилдик интернетти колдоно алышат.

Жакынкы аралыкта, 5G-роумингдин географиясы 100дөн ашык өлкөгө жайылып, андан да көп саякатчылар жаңы муундагы байланышты чектөөсүз пайдалана алышат
Жаңы муундагы интернет – саякаттын алгачкы мүнөттөрүнөн
Чет өлкөдө роуминг менен жүргөн абонентке Wi-Fi издөөнүн, жергиликтүү SIM-картаны сатып алуунун же адаттагы номерин алмаштыруунун кажети жок. Beeline’дын чет өлкөлүк өнөктөшүнүн тармагына туташуу жетиштүү – жана келгенден кийин дароо мобилдик интернетти колдонсоңуз болот.
5G технологиясынын аркасында саякатчылар мобилдик интернетке эң жогорку ылдамдыкта кире алышат. Бул азыр жана ушул жерде байланыш керек болгондо өзгөчө маанилүү: такси чакыруу, маршрут түзүү, мейманкананы брондоону ырастоо, рейске онлайн катталуу же жумуш боюнча видео чалуу.
5G-роумингде – бул:
5G колдонуу үчүн технологияны колдогон смартфон жана кабыл алуучу өлкөдө бешинчи муундагы тармактык камтуу болушу керек.
Ар кандай саякат үчүн пайдалуу роуминг
Заманбап технологиядан тышкары, Beeline ар кандай саякат форматтары үчүн пайдалуу чечимдерди сунуштайт – кыска сапарлардан узак эс алууга жана иш сапарларына чейин.
Интернетти активдүү колдонуу үчүн 1, 5 жана 10 ГБ көлөмдөгү 499, 1999 жана 2999 сомдук топтомдор жеткиликтүү. Топтомдор 14 күн күчүндө болот жана кошумча Google Картасынын навигациялык сервистери жана 2ГИС үчүн чексиз трафикти 128 Кбит/сек чейин ылдамдыкта камтыйт. Пакеттер дүйнөнүн 75 өлкөсүндө иштейт.
Интернет аркылуу гана эмес, телефон аркылуу да байланышта болуу маанилүү болгондор үчүн чексиз интернет жана 10 мүнөт сүйлөшүү суткасына болгону 199 сомго - "Үйдөгүдөй роуминг" кызматы ылайыктуу. Кызмат Казакстанда, Өзбекстанда, Россияда, Түркияда, Сауд Аравиясында жана БАЭде иштейт.
Мессенджерлерде баарлашуу үчүн "Роумингдеги чексиз мессенджерлер" кызматы жеткиликтүү, ал дүйнө жүзү боюнча 75 өлкөдө трафиктин көлөмү боюнча WhatsApp жана Telegram`ды чектөөсүз пайдаланууга мүмкүндүк берет. Баасы – 24 саатка 150 сом.
Эми Beeline’дан 5G эл аралык роумингде кызматы менен – саякаттаңыз, иштеңиз, баарлашыңыз жана тажрыйбаңыз менен бөлүшүңүз.
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КР МТжБМК караштуу МБА тарабынан берилген №15-1420-КР, №16-1526-КР лицензиялары, СӨМ караштуу МБА тарабынан берилген №21-0482-КР лицензиясы.