Индонезиялык Batik Air авиакомпаниясынын Куала-Лумпурдан Индиянын Кочи шаарына учуп бара жаткан учагында жүргүнчүлөрдүн бири авариялык эшикти ачууга аракет кылган. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары кабарлашты.
Окуя 5-августта катталган. Бирок эшик ачылбай, экипаж мүчөлөрү жана жүргүнчүлөр аны кармап калышкан.
Окуядан эч ким жабыркаган эмес. Учак Кочи аэропортуна аман-эсен конуп, киши жергиликтүү полицияга өткөрүлүп берилген.