Кристофер Ноландын "Одиссея" тасмасы дүйнөлүк кассада 1,1 миллиард долларлык чекти ашып, режиссёрдун эң көп киреше алып келген тасмасы болуп калды. Бул тууралуу The Guardian басылмасы билдирди.
Universal Pictures'тин маалыматы боюнча, тасманын кассалык кирешеси 1,104 миллиард долларды түзүп, мурунку лидер "Караңгы рыцарь: Легенданын кайра жаралышы" тасмасынан ашкан. Ал тасма 1,085 миллиард доллар киреше тапкан.
"Одиссеянын" премьерасы 17-июлда болду.