Биз социалдык тармакта

Корумду чокусунда калган альпинисттерди издөө иштери убактылуу токтотулду

Ош облусунун Алай районундагы Корумду чокусунда дайынсыз болгон альпинисттерди издөө иштери убактылуу токтотулду. Маалыматты 17-августта ӨКМден тастыкташты.

Маалымдалгандай, 16-августта жүргүзүлгөн издөө иштеринин жүрүшүндө альпинисттерге таандык бут кийим табылган. Учурда альпинисттердин сөөгү табыла элек.

Бул аймак өтө бийик, кооптуу болгондуктан жана чокудагы муздардын эришинен улам иштер убактылуу токтотулган. Издөөнүн экинчи этабын августтун аягында же сентябрда өткөрүү пландалууда. Анын так датасы альпинисттердин жакындары менен макулдашылат.

Айта кетсек, 1-августта үч альпинист Корумду чокусуна көтөрүлгөн. Алар Беларустан келген Максим Полянский, Николай Свиридов жана Литвадан келген Сергей Рубцов. Альпинисттер 2-августта акыркы жолу байланышка чыгып, 4-августта ылдый түшүүгө даяр болорун билдиришкен. Тилекке каршы, мындан соң альпинисттер менен байланыш үзүлгөн.
7-августтан тартып альпинисттерди издөө иштерине Кыргызстандын ИИМ жана ӨКМ куткаруучулары, Коомдук альпинистерди куткаруу кызматы, тажрыйбалуу альпинисттер жана ыктыярчылар тартылган. Дайынсыз жоголгон альпинисттер тууралуу толук маалыматты шилтемеден окуй аласыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан