О! Мобилдик оператору көңүл ачуу кызматтарынын топтомун кеңейтип, O!TV тиркемесинде «Amediateka» жазылуусун ишке киргизди. Оператордун абоненттери дүйнөлүк премьераларга жана дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу сериалдарга лицензияланган мүмкүнчүлүктүалышат.
Amediateka – алдыңкы чет элдик студиялардын жаңы тасмалары жана хиттери, анын ичинде HBO Max жана Paramount+ сериалдары менен фильмдери. Сиз дүйнө жүзү менен бир убакта сериалдардын премьераларын жана дүйнөлүк кинопрокаттын хиттерин көрө аласыз.
Жазылуу аркылуу HBO Max’тын популярдуу долбоорлорун көрүңүз: «Такты оюндарынын» бүтүндөй ааламы, анын ичинде «Ажыдаардын үйү» сериалынын жаңы сезону жана «Жети падышалыктын рыцары» аттуу жаңы сериал; DC студиясынын комикстеринин негизинде тартылган жаңы фантастикалык сериал – «Чырактар» (17-августтан тартып), ошондой эле «Мортал Комбат II», «Согуш артынан согуш» жана «Чагылгандуу өтмөк» аттуу белгилүү кинохиттер.
Жазылуунун баасы – 30 күнгө 500 сом. Жазылууну «МойО!» тиркемеси аркылуу же *810*1# командасын терүүменен кошсо болот.
Бардык көңүл ачуу – бир тиркемеде!
O!TV – көңүл ачуунун универсалдуу борбору. Кызмат Full HD сапатындагы 220дан ашык телеканалды (кино, балдар, спорт жана жаңылыктар каналдары), ошондой эле маанилүүспорттук окуялардын түз эфирлерин сунуштайт. Тиркеменибир аккаунт аркылуу бир убакта 5 түзмөктөн колдонуугаболот. Көрүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн эфирдитоктотуп туруу, артка түрдүрүү жана берүүлөрдүн архивисыяктуу функциялар жеткиликтүү. Ал эми О! абоненттериүчүн трафик толугу менен акысыз жана негизги интернет-топтомдон алынбайт.
Кошуу: *810*1# O!TV жүктөп алуу: https://o.kg/s/otv
Толук маалымат: https://o.kg/m/kgamediateka
«НУР Телеком» ЖЧКсы. КР МТБМК алдындагы МБАнын06.12.2016-ж. №16-0062-КР, №16-0063-КР лицензиялары.