Биз социалдык тармакта

Криштиану Роналдуну Ташкентте күйөрмандары күтүп жатышат

Кечээ, 18-августта Өзбекстандын "Пахтакор" клубу Азия чемпиондор лигасынын алкагындагы беттеште Сауд Аравиясынын "Аль-Наср" командасы менен өз талаасында ойной турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Zakon.kz жазды.

Кабарды уккан Криштиану Роналдунун күйөрмандарынын арасында чоң кызыгуу жаралды. Анткени португалиялык футболчу "Аль-Насрдын" курамында Ташкентке келиши мүмкүн.

Социалдык тармактарда Роналдунун мүмкүн болгон сапарын талкууланып жатат. Айрымдары футболчу Ташкентке буга чейин да келгенин эске салышкан. Ал 2009-жылы "Жар" стадионунда мастер-класс өткөргөн.

Ошол эле учурда беттештин так датасы азырынча белгисиз. Мындан тышкары, Роналдунун оюнга катышары дагы расмий тастыктала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан