2026-жылдын январь–июль айларында Өзбекстандын дээрлик 2 миллион жараны Кыргызстанга туристтик максатта келип кетишти. Бул тууралуу Өзбекстандын статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, жети айда 4,4 миллионго жакын өзбекстандык чет өлкөгө саякаттаган. Алардын арасында Кыргызстан биринчи орунда, андан кийин Казакстан жана Тажикстан турат.