Биз социалдык тармакта

Сеутада мигранттардын бир бөлүгү убактылуу борборлорго көчүрүлдү

Испаниянын Сеута шаарындагы Трамплин пляжында жайгашкан болжол менен 1,7 миң мигрант полициянын коштоосунда убактылуу жайгаштыруу борборлоруна көчүрүлдү. Бул тууралуу EFE агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, мигранттар бейшемби күнү полиция кызматкерлеринин коштоосунда жөө басып, пляждагы башаламан лагерди жоюу жана андагы адамдарды жаңы убактылуу жайларга жайгаштыруу боюнча операциянын алкагында аймактан чыгып кетишкен.

Мигранттар пляждан өз ыктыяры менен кетишкен. Полиция кызматкерлери бейшемби күнү эртең менен келип, алардан буюмдарын жыйноону суранышкан.

Испаниянын өкмөтү Сеута бийлиги менен биргеликте мигранттарды кабыл алуу үчүн бир нече убактылуу борборду даярдап жатат. Бардык борборлордун жалпы сыйымдуулугу 5 миңден ашат.

Түндүк Африкада, Марокко менен чектеш жайгашкан Сеута июль айынын аягында мигранттардын массалык түрдө кирип келишине туш болгон. Испаниянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Мароккодон өлкөгө болжол менен 72 миң мигрант кирген. Ал эми Сеута бийлиги 11-августта шаарда 10 миңдей мигрант калганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан