18-августта Аляскада жашаган аял салмагы 350 килограммдан ашкан күрөң аюунун чабуулунан жиу-житсу ыкмасын колдонуп аман калган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Кейтлин Лейн Кодиак шаарына жакын Беллс-Флэтс аймагында ити менен сейилдеп жүргөн. Лосось балыгы көп кездешкен суунун жанынан күтүүсүздөн аюуга жолуккан.
Аюу аялга атырылганда, Лейн тик боорго чыгып кетүүгө аракет кылган. Ошол учурда анын ити аюунун көңүлүн буруп, аялга ыңгайлуу абалга келүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Аюу кайра жакындаганда Лейн чалкасынан жатып, буту менен анын бетине тээп жиберген. Мындай ыкмадан кийин аюу артка чегинген.
Ал аюуну күнөөлөбөй турганын айтып, окуяны балдарын коргогон эненин табигый реакциясы катары баалаган.