АКШнын президенти Дональд Трамп Вашигтондун Иранга экономикалык кысымды күчөтүү планы аскердик операцияларды кайра баштоодон баш тартуу дегенди билдирбей турганын айтты.
"Такыр жок", - деди ал Мэриленд штатындагы Эндрюс аба күчтөрүнүн базасында журналисттердин согуштук аракеттерди жокко чыгарып жатабы деген суроосуна.
Тегеранга каршы экономикалык чараларды даярдоонун себептери жөнүндө айтып жатып, Трамп: "Биз мунун эмнеге алып келерин көргүбүз келет", - деди. Ал Иран учурда олуттуу экономикалык кыйынчылыктарга туш болуп жатканы тууралуу пикирин кайталады.
"Алар келишим каалашат, бирок, менимче, керектүү келишимди эмес", - деп кошумчалады АКШ лидери.