АКШнын Иранга карата санкциялык кысымды күчөтүү боюнча жарыяланган чечими мурунку учурлардагыдай эле эч кандай натыйжа бербейт. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи билдирди.
Ал АКШнын Иранга каршы ар кайсы убакта көргөн чараларын санап өтүп, ар бири ийгиликсиз болгонун белгиледи.
"Биз муну мурда башыбыздан өткөргөнбүз. Бул ар дайым бир эле окуя менен бүтөт. Бизди коркуткан актёрлор гана өзгөрөт", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.