Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерге көзөмөлдү күчөтүүнү пландоодо. Белгиленген эрежелерди бузган кемелерге айып пул салынып, кармалышы же конфискацияланышы мүмкүн экенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Иран бийлиги кеме ээлерине эреже бузгандардын тизмесине алар менен кызматташкан компаниялар да киргизилиши мүмкүн экенин эскертти.
Буга чейин Тегеран Перс булуңундагы өлкөлөр АКШнын санкцияларына кошулган учурда аларга чара көрүлөрүн билдирген.