Биз социалдык тармакта

Өзбекстан менен Азербайжан түбөлүк достук келишимге кол коюшту

Кечээ, 23-августта Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев эки өлкөнүн ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.

Документке Алиевдин Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин кол коюлган.

Ошондой эле тараптар 2030-жылга чейин эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү максатын көздөшүүдө.

Мындан тышкары, өлкөлөрдүн ортосунда пенсия, маданият, туризм, тышкы иштер жана юстиция министрликтеринин кызматташтыгы боюнча бир катар макулдашуулар бекитилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан