Бүгүн, 24-августта, Беларустун президенти Александр Лукашенко Украинанын элин Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы менен куттуктап, Минск менен Киев өз ара пайдалуу кызматташтыкты кайрадан калыбына келтирерине ишенимин билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Лукашенко беларус жана украин элдеринин тарыхый тагдырлары тыгыз байланышта экенин белгиледи. Анын айтымында, эки элди көп кылымдык салттар, жалпы жеңиштер жана оор сыноолор байланыштырып турат.
Ал келечек муундар эки элдин достук жана туугандык байланыштарын сактап каларына ишенимин билдирди. "Минск менен Киев ишеним, урматтоо жана тең укуктуулук принциптеринин негизинде өз ара пайдалуу кызматташтыкты калыбына келтирет", - деди Лукашенко.