Биз социалдык тармакта

Иран АКШны маанилүү объекттерине сокку уруу менен коркутту

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлү Хоссейн Мохебби өлкөнүн инфраструктурасына коркунуч жаралса, АКШнын аймактагы маанилүү объекттерине жана энергетикалык инфраструктурасына сокку урулушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, Иран жогорку тактыктагы ракеталарын чыгарууну улантууда.

Бул билдирүү АКШ Иранга каршы санкцияларды кеңейткенден кийин жасалды. Вашингтон жаңы чектөөлөр Ирандын мунай экспортунан киреше тапкан уюмдарга жана кемелерге багытталганын билдирди.

Ал эми Ирандын экономика министри Али Маданизаде өлкө АКШнын жаңы санкцияларына даяр экенин айтып, Тегерандын экономикалык басымга каршы чаралары бар экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан