Биз социалдык тармакта

АКШ менен Иран ок атышууну токтотууну макулдашты

Бүгүн, 26-августта АКШ менен Иран ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери билдиришти.

Маалыматка караганда, тараптардын макулдашуусу Ормуз кысыгында кемелердин эркин жүрүүсүн камсыздоону да камтыйт. Ок атышууну токтотуу тууралуу келишим жакынкы күндөрү расмий жарыяланышы мүмкүн.

Буга чейин АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө Пакистан ортомчулук кылып келген. Тараптардын ортосундагы буга чейинки 60 күндүк ок атышууну токтотуу режими 17-августта аяктаган.

Жаңы макулдашуунун шарттары жана анын мөөнөтү тууралуу азырынча толук маалымат бериле элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан