Америкалык кантри ырчысы, актриса жана композитор Долли Партон 80 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын каза болгонун 25-августта жээни Брайан Сивер билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Долли Партон 1946-жылы 19-январда Теннесси штатында төрөлгөн.
Партон "Jolene", "I Will Always Love You", "9 to 5" сыяктуу дүйнөгө белгилүү ырларды жаратып, кантри музыкасынын эң таанымал өкүлдөрүнүн бирине айланган. Анын дүйнө жүзүндөгү альбомдорунун сатылышы 100 миллиондон ашкан. Ошондой эле "Саат 9дан 5ке чейин" жана "Болот магнолиялар" тасмаларында роль жаратып, кинодо да ийгиликке жеткен.
Мындан тышкары, ал Теннесси штатындагы белгилүү Dollywood тематикалык паркын негиздеген жана балдардын сабаттуулугун колдогон Imagination Library кайрымдуулук долбоорун ишке ашырган.