Бүгүн, 28-августта Ош шаарында “Унаасыз бир күн — велосипед менен жумушка!” челленджи башталды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалымдалгандай, шаар мэриясынын кызматкерлери, мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары бир күнгө жеке унааларынан баш тартып, жумушка велосипед менен келишти.
Челлендж 28-августтан тартып ар жуманын жума күндөрү өтүп, 5-октябрь — Ош шаарынын күнүнө чейин уланат.