«Тулпар Моторс» заводунда Chevrolet Suburban үлгүсүн High Country премиум нускасында чогултуу башталды. Унааны чыгарууга керектүү негизги тетиктер менен бөлүктөр АКШдан ташылып келет. МоделдиКыргызстанга алып чыгуу жана сатуу ишин Chevrolet брендинин Кыргыз Республикасындагы расмийдистрибьютору болгон Chevrolet Кыргызстан жүргүзөт.

Suburban Кыргызстанда чогултулган Chevrolet жол тандабастарынын катарындагы экинчи модель болду. Буга чейин өлкөдө чогултулган алгачкы жол тандабас Chevrolet Tahoe High Country тааныштырылган.



Chevrolet Suburban кенен салонду, кубаттуулукту жанаыңгайлуулукту баалагандар үчүн чыгарылган. Ал Tahoe моделинен чоң өлчөмү менен айырмаланат: Suburban үлгүсүнүн тулкусу болжол менен 40 сантиметр узун. Мунун аркасында салону кенен болуп, жүк салуучу бөлүгүнүн эң жогорку сыйымдуулугу 4 090 литрге чейин жетет.
Унаага 420 ат күчүн берген 6,2 литрлик V8 кыймылдаткычы, 10 баскычтуу автоматтык ылдамдык кутусу жана толук жетектөө тутуму орнотулган. High Country нускасы жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулукту, заманбап мультимедиа тутумун, маалыматты алдыңкы айнекке чагылдырган дисплейди, айлананы толук көрсөткөн камераларды жана айдоочуга көмөкчү электрондук тутумдарды камтыйт.


Chevrolet Suburban автоунаа өнөр жайынын тарыхында гана эмес, дүйнөлүк кино өнөрүндө да өзгөчө орунду ээлейт. 1952-жылдан бери бул модель 1 750дөн ашуун көркөм тасмада жана телесериалда тартылып, Голливуддун эң таанымал унааларынын бирине айланган. 2019-жылы Suburban Голливуддун Соода палатасы ыйгарган Award of Excellence атайын жылдызын алган алгачкы автоунаа болду. Эми аты аңызга айланган бул модель Кыргызстанда да чогултулууда.
Кыргызстанда ички жана эл аралык туризм өнүгүп жаткан учурда мындай унаанын чыгарыла башташы өзгөчө мааниге ээ. Suburban жогорку деңгээлдеги ташуу кызматын уюштурууга, расмий делегациялар менен туристтик топторду жеткирүүгө, ошондой эле тоолуу жана бийик тоолуу аймактардагы алыскы каттамдарда пайдаланууга ылайыктуу. Кенен салону, көлөмдүү жүк салгычы, толук жетектөө тутуму жана кубаттуу кыймылдаткычы жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүп, керектүү жабдууларды кошо ташууга мүмкүнчүлүк берет.
Chevrolet Suburban High Country үлгүсүн чогултуунун башталышы Кыргыз Республикасында чыгарылган унаалардын катарын кеңейтип, «Тулпар Моторс» заводунун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү өсүп жатканын көрсөтөт. Ушундай деңгээлдеги унааларды өздөштүрүү ата мекендик автоунаа өнөр жайынын технологиялык тажрыйбасын арттырып, Кыргызстандын заманбап автоунаа өндүрүшүндөгү ордун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.