Биз социалдык тармакта

Эми MegaPay’де 200 000 сомго чейинки онлайн насыя жеткиликтүү

MEGA улуттук мобилдик оператору жана «Элдик Банк» ААКсы MegaPay'де жаңы санариптик финансылык сервисти ишке киргизүүдө. Колдонуучулар банк бөлүмүнө барбастан онлайн насыя ала алышат жана ал макулдашылган учурда, каражатты виртуалдык MegaMastercard картасынан ала алышат.

Насыялар 5000 сомдон 200 000 сомго чейинки суммада, 3 айдан 36 айга чейинки мөөнөттө берилет. Пайыздык чен жылына 19% (НПЧ - 20,75%).

Насыяны тариздөө MegaPay колдонмосунда жүргүзүлөт. Колдонуучулар насыянын суммасын жана мөөнөтүн тандап, керектүү маалыматты жана макулдуктарды берип, өтүнмөнү карап чыгууга жөнөтүшөт. Эгерде «Элдик Банк» насыяны берүүгө макул болсо, насыя документтерине MegaPay'де электрондук түрдө кол коюлат.

Насыя берилгенден кийин, каражат виртуалдык MegaMastercard'га которулат.

Картаны MegaPay аркылуу, пластикалык картаны талап кылбастан тариздөөгө болот. Картаны берүү жана тейлөө акысыз.

MegaMastercard сизге онлайн төлөмдөрдү жүргүзүүгө, картаңызды колдонмодо башкарууга, операциялардын тарыхын көрүүгө жана Google Pay жана Garmin Pay сыяктуу колдоого алынган байланышсыз төлөм сервистерин колдонууга мүмкүндүк берет.

Ошентип, кредит алууга өтүнмө берүүдөн тартып, каражаттарды картага алууга чейинки негизги этаптардын бардыгы MegaPay бирдиктүү санариптик сервисинде бириктирилди.

Онлайн насыя алуу үчүн, сиз жакынкы MEGA кеңсесинде бир жолку идентификациялык текшерүүдөн өтүп, MegaPay колдонмосун ачып, "Онлайн насыя" бөлүмүнө өтүп, өтүнмө жөнөтүшүңүз керек.

MegaMastercard виртуалдык картасынын банк-эмитенти - "Элдик Банк" ААК. КРУБ лицензиясы № 033.

08.01.2020-жылдагы №3028080120 жана №2027080120 жана 23.04.2026-жылдагы №8003230426 КРУБ лиц.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан