Биз социалдык тармакта

Кыргыз тили күнүнө карата: Globus жана Bereke Books балдар үчүн жаңы китептер сериясын чыгарды

Globus компаниясы экинчи жыл катары менен кыргыз тилиндеги балдар китептерин чыгарууну колдоп жатат. Өткөн жылы балдар үчүн «Алиппе» китеби жарык көргөн. Быйыл бул долбоор улантылып, Мамлекеттик тил күнүнө карата Bereke Books жана Globus «Берекелүү жомоктор» аттуу жаңы серияны сунуштады. Анда кыргыз элинин эпостору менен уламыштарындагы белгилүү каармандар тууралуу баяндар топтолгон.

Эмне үчүн дал ушул балдар китептери? Анткени бала кезде жомокторду уктар алдында угуп, каармандар үчүн санааркап, алардын жеңишине сүйүнүп, кээде окуянын аягы бүтө электе уктап калабыз. Кийинчерээк ошол жомоктор аркылуу бизге жакшылык менен адилеттүүлүк, улууларды урматтоо, достук, кайраттуулук жана жоопкерчилик тууралуу түшүнүктөр берилгенин түшүнөбүз. Ошондой эле муундан муунга өтүп келген эне тил да ушул жомоктор аркылуу сакталып келген. Ошондуктан балдардын өз маданиятынын каармандары менен өз эне тилинде таанышуусуна шарт түзгөн китептердин болушу маанилүү.

Дал ушундай максатты Bereke Books басмаканасы «Берекелүү жомоктор» сериясын түзүүдө алдына койгон. Globus болсо былтыркы «Алиппе» долбоорунан башталган кызматташтыкты улантып, бул демилгени колдоду. Жаңы серия беш китептен турат. Ар бири өзүнчө окуяны баяндап, белгилүү бир теманы камтыйт.

«Манас» китебинде кичинекей окурман Манас баатыр менен анын бала чагында таанышат. Бул чыгарма аркылуу достук, биримдик жана өз ара колдоо тууралуу баяндалат. «Санжыра» китеби үй-бүлө тарыхына арналган. Аны окуп бүткөндөн кийин бала ата-энеси менен бирге өзүнүн ата-бабаларын эскерип, жети атасынын аттарын жазып чыга алат. Бул үчүн китепте атайын барактар каралган. «Умай Эне» энелик мээрим жана камкордук тууралуу баяндайт. «Марал Эне» адам менен жаратылыштын байланышын жана ага аяр мамиле кылуунун маанисин эске салат. Ал эми «Жаңыл Мырза» балдарды чечкиндүү, эрктүү жана өз алдынча чечим кабыл ала билген каарман менен тааныштырат.

Сериянын автору Гүлназ Асакеева бул каармандар менен балдардын алгачкы таанышуусун жөнөкөй жана түшүнүктүү кылып берүүнү максат кылганын белгилейт.

«Бул окуяларды балдарга өздөрүнө түшүнүктүү болгон жөнөкөй жана эне тилинде айтып бергим келди. Балдардын кабыл алуусу үчүн оор болгон эпизоддорду кыскарттым. Эрте куракта балага эпосту же уламышты толугу менен билүүнүн зарылдыгы жок. Эң башкысы – каармандар менен алгачкы таанышуу. Эгер китепти окугандан кийин бала өзүнүн үй-бүлөсү, тарыхы, тили жана маданияты тууралуу көбүрөөк билүүгө кызыгып калса, анда китеп өз милдетин аткарды деген сөз», — дейт ал.

Кыргызстандын чекене соода рыногундагы ири компаниялардын бири катары Umai Retail өзүнүн миссиясын сооданы өнүктүрүү менен гана чектебестен, кыргыз тилин жана өлкөнүн маданиятын колдоого багытталган демилгелерди өнүктүрүүдөн да көрөт.

Топтун чекене соода тармагы Globus, «Народный», «Достор» жана SPAR бренддери алдындагы 170тен ашуун дүкөндү камтыйт. Алар күн сайын 300 миңден ашуун кардарды тейлейт.

Мындай масштаб маданий жана билим берүү долбоорлорун кеңири аудиторияга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Китептер күнүмдүк жашоонун бир бөлүгүнө айланып, дүкөн текчесинен орун алып, балага белек катары берилип, үй-бүлө менен чогуу окулуп гана тим болбостон, өсүп келе жаткан муунду өзүнүн маданияты, тарыхы жана эне тили менен байланыштырган көпүрө кызматын да аткарат.

«Берекелүү жомоктор» сериясынын алгачкы нускасы ар бир китептен 500 даанадан, жалпысынан 2500 нусканы түзөт. Китептердин бир бөлүгү сатыкка чыгарылса, дагы бир бөлүгү Globus тарабынан кайрымдуулук уюмдарына берилет. Басылмалар сентябрдын аягында дүкөндөрдүн текчелерине түшөрү күтүлүүдө.

Балдарды колдоо жана алардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү Umai Retail компаниясынын ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттардын бири бойдон калууда. #UmaiRetailБалдарга программасы компаниянын социалдык жоопкерчиликтүү бизнесинин негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналат жана көп жылдан бери билим берүү, маданият жана балдарды өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду бириктирип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан