Бишкекте «Cyber Nomad Fest 2026» өттү — бул мамлекет, бизнес жана киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү кесипкөй коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирген ири иш-чара. Фестивалга 500дөн ашуун конок, 27 спикер жана панелдик сессиялардын катышуучулары, ошондой эле CTF кибер сынагынын 11 финалчы командасы чогулду.
Уюштуруучулар SkySOC Beeline, КР УКМК, КР Улуттук банкы, Маалыматтык коопсуздук борбору, ЕККУ жана ATLAS Group болушту. SkySOC үчүн фестивалга катышуу анын ачылышына чейин эле башталган: команда иш-чараны даярдоонун бардык негизги этаптарында, жалпы концепциядан жана аянтчаны жасалгалоодон баштап, өнөктөштөр менен иштөөгө жана техникалык бөлүгүн уюштурууга чейин катышкан.
Негизги багыттардын бири CTFти даярдоо болду. SkySOC командасы сынактын бардык үч этабынын сценарийлерин иштеп чыгып, аларды өткөрүүнү камсыз кылды. Ал эми финал үчүн атайын адистер Attack/Defense аттуу өз платформасын түзүштү, ал Кыргызстан үчүн гана эмес, бүт Борбор Азия аймагы үчүн да уникалдуу болуп саналат.
Жаңы платформа — бул виртуалдык полигон, мында командалар реалдуу убакыт режиминде өз кызматтарын коргоп, алсыз жактарды таап, атаандаштарынын инфраструктурасына кол салышы керек. Катышуучулар киберкоопсуздук адистеринин реалдуу ишине мүмкүн болушунча жакындатылган кырдаалга туш болушту. Болгону кемчиликти табуу же аны жабуу эле эмес, ошондой эле артыкчылыктарды тез аныктап, команданын ичинде тапшырмаларды бөлүштүрүп, ошол эле учурда өз кызматтарынын иштеп турушун камсыз кылуу зарыл болду.
«Платформа сапаттуу болуп чыкты: инфраструктура туруктуу иштеди, кемчиликтер кызыктуу, ар түрдүү жана жакшы оцлонулуптур, — деп бөлүштү Cyber Nomad CTF сынагынын жеңүүчүлөрү, «Альфа Телеком» ЖАК командасы. — Трафикти талдоо, кемчиликтерди табуу жана жабуу, чабуулдарга тез реакция кылуу жана ошол эле учурда кызматтардын жеткиликтүүлүгүн сактоо — киберкоопсуздук адистери күнүмдүк практикасында ушулардын баарына туш болушат. Уюштуруучуларга жасаган иши үчүн чоң рахмат. Даярдыкка көп күч жумшалганы көрүнүп турат, жана мындай деңгээлдеги финалды өткөрүү — олуттуу жетишкендик».
Фестивалдан кийин платформанын тарыхы улантылат. SkySOC аны адистердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана машыгуу үчүн үзгүлтүксүз колдонууну пландап жатат. Ошентип, сынак үчүн түзүлгөн курал реалдуу киберкоркунучтарга даярдануу үчүн практикалык чөйрө катары иштей берет.
«Улуттук оператор Beeline үчүн маанилүү нерсе — маалыматтарды коргоо санариптик кызматтар менен бирге өнүгүп, жаңы коркунучтардан алдыда болуусу, — деп белгиледи Beeline компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров. — Ошондуктан биз экспертизабызды тынымсыз өркүндөтүп, Кыргызстандын санариптик өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон маселелерди чечүүгө багыттайбыз. Cyber Nomad Festти уюштурууга катышуу бизге мамлекет жана кесиптик коомчулук менен биригип, киберкоркунучтарга даярдыгыбызды биргелешип жогорулатууга мүмкүндүк берди».
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КРнын МТжБМКсына караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР лицензиялары жана КРнын СӨМүнө караштуу МБАнын №21-0482-КР лицензиясы.